Лейлекте 140 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айылындагы “Бурул эне” балдар бакчасынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ачылуу аземге Лейлек районунун акими Алмаз Рахманкулов жана тиешелүү жетекчилер, айыл тургундары катышты.
Белгилей кетсек, аталган мекеменин имаратынын курулуш иштери 2019-жылы башталган. Имарат 140 орунга ылайыкташкан. Жалпы сметасы 42 миллион сомду түздү. Азыркы күндө 315 балага 13 тарбиячы билим тарбия берүүдө.
Балдар бакчасы керектүү эмеректер, жабдыктар менен толукталып, заманбап шартта бүткөрүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан