Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңештин тармактык комитет "Айыл чарбасын каржылоо – 10" долбоорунун аткарылышы боюнча маалымат укту.
Аталган маселе боюнча айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев маалымат берип, “Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында дыйкан-фермерлерге “Айыл Банк”, “РСК Банк” аркылуу 6 пайыздык жеңилдетилген насыялар берилип жатканын белгиледи. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү Орусиядан сатып алынып, “Айыл Банк” аркылуу дыйкандарга 2 жылдык мөөнөткө жылдык 4,5% үстөк менен берилип жатканы айтылды.
Талкуу маалында депутаттар жеңилдетилген насыялар кечиктирилип берилип жатканын, белгиленген банктарда кезек күтүүлөр арбын экенине токтолушту. Депутат Миргүл Темирбаева насыяларды төлөөдө жеңилдетилген мөөнөт боюнча маселени көтөрүп, бул мөөнөттү 6 айдан 12 айга чейин узартууну сунуштады. Ушундай эле пикирге депутат Жаныбек Кыдыкбаев да кошулду. Ал эми депутат Максат Сарбагышев талапка ылайык ар кандай документтерди, маалымкаттарды чогултуу зарыл болгондуктан банктар аркылуу үрөн алуу кыйын болуп жатканын жүйө келтирди. Муну менен катар эл өкүлү кийинки жылы мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнү, айрыкча санариптик форматта маалымкаттарды берүүнү сунуштады. Ошондой эле депутат Алишер Эрбаев минералдык жер семирткичтердин жана үрөндөрдүн баасы боюнча маселени көтөрдү.