Окумуштуулар жашы 50дөн жогору курактагы адамдар үчүн кофе пайдалуу экенин айтып чыгышты. Бул тууралуу Австралиянын Бейкер атындагы жүрөк жана диабет институтунун окумуштууларына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.
Андагы маалыматка караганда, жашы 50дөн жогору болгон адамдар күн сайын кофе ичип турса, жүрөк булчуңдарынын иштөөсү жакшырат.
"Изилдөөдө күн сайын 2, 3 чашка кофе ичип жүргөн 50дөн жогорку курактагы адамдарда жүрөк-кан тамыр ооруларына кабылуу ыктымалдыгы 10-15 пайызга төмөн болгону аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле эксперттер жүрөк оорусу менен жабыркагандар үчүн да кофенин пайдалуу экенин кошумчалашкан. Мындай учурда кофе өлүм коркунучун азайтарын билдиришкен.