Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлыгы 50 пайыздан 80 пайызга чейин жогорулатылды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билим берүүнүн бардык тармактарындагы кызматкерлердин айлыгы 50 пайыздан 80 пайызга чейин жогорулатылганын билдирди. Айтымында, 1-апрелден тартып мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, жалпы орто билим берүү уюмдарында, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик берүү мекемелеринде иштеген педагогдордун айлык акысы 80 пайызга, ал эми административдик-башкаруу кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлɵɵ кызматкерлеринин айлык акысы 80 пайызга жогорулатылды.
"Өлкө жетекчилигинин колдоосу менен педагогдордун эмгегине акы төлөө шарттарына өзгөртүүлөрдү киргиздик: мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун эмгек акысын сааттык негизде төлөө шарттарынан баш тартып, ставка боюнча төлөөгө өттүк. Педагогдордун эмгек акысын эсептөөнүн бул модели боюнча жогорку класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка 18 саатты, ал эми башталгыч класстардын мугалимдери үчүн 1 ставка – 16 саатты түзөт. Окуу жүктөмүнүн эң чоң көлөмү 27 саатты же 1,5 ставканы түзөт. Бул – айлык акынын көлөмү эми туруктуу болот дегендик.
Министрлик билим берүүнүн мазмунун модернизациялоо максатында 136 өлкөнүн моделин изилдеп, алгылыктуу моделди Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү уюмдарынын жогорку класстарына киргизүүнү мерчемдеп жатат. Окуучулардын жылдык жүктөмүнүн кыскарышы мугалимдердин айлык акысына эч кандай терс таасирин тийгизбейт", - деди министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан