Белгилүү композитор Сардарбек Жумалиевдин аскерде кызмат өтөгөн сүрөттөрү

Белгилүү композитор Сардарбек Жумалиев Жазаларды аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде болуп, 7412-аскер бөлүгүнүн 80 жылдык мааракесине арнап жазган атайын гимнди тартуулады. Бул туурасында аталган кызматтан билдиришип, композитор жаза аткаруу кызматынын ардагери экенин белгилешти.

"Кыргыз Республикасынын Эл артисти, "Манас" орденинин ээси демобилизацияланганына 55 жыл болгондон кийин өзү кызмат өтөгөн аскер бөлүгүнө келип, кабар алды. Ал жоокер учурундагы кызыктуу окуялар менен бөлүшүп, жоокерлердин суроолоруна жооп берди.

Сардарбек Жумалиев 7412-аскер бөлүгүнүн 80 жылдык мааракесине арнап жазган атайын гимнди тартуулады. Ал Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин аскер оркестри тарабынан салтанаттуу түрдө тартууланды (1942-жылдын 20-апрели түзүлгөн күнү)", - дешет мекемеден.

Сардарбек Жумалиев 1964-1967-жылдары 7412-аскер бөлүктө сержант болуп кызмат өтөп, чыгармачылыкка бай жолу башталган.

Чүй районунун Жар-Башы айылында туулган, бала кезинен эле комуз черткенге кызыгып келген. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайын бүтүргөн. Ал 16 жашында эле Москвада өткөн кыргыз искусствосунун декадасынын катышуучусу болгон. Армиядан кийин биринчи эстрадалык ансамблди түзүүгө активдүү катышкан.

Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Анын окутуучулары атактуу Калый Молдобасанов, Мукаш Абдраев, Насыр Давлесов болгон. Андан кийин республикалык эл чыгармачылык үйүндө музыкалык редактор болуп иштеп, 1977-жылдан баштап Улуттук филармонияда Академиялык Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрин жетектеп келет.

Ардактуу аксакалга узун өмүр жана жаңы чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан