Алматыда белгилүү дарыгер-гастроэнтеролог Юрий Шумковду мергенчи мылтыгы менен атып кетишти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Алматы полициясы шаарда "Перехват" планы киргизилгенин жана 4-апрель күнү эртең менен адам өлтүрүүгө шектелген адам кармалганын билдирген.
"1975-жылы туулган Ш. аттуу жаран каза болгон. Кылмыштын бети ыкчам издөө менен ачылды", - деп билдирген Алматы полициясы.
Маалым болгондой, Алматыдагы Гастроэнтерология институтунда иштеген белгилүү гастроэнтеролог Юрий Шумков мергенчилик мылтык менен атылып өлтүрүлгөн. Бул маалыматты Алматынын полициясы дагы тастыктаган. Шумковдун кесиптештеринин айтымында, өлтүргөн адам жабырлануучуну клиниканын короосунан башка аткан.
Казакстандын медициналык коомчулугу дарыгердин мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгүнө таң калууда.