Испанияда орусиялык миллиардердин 90 миллион долларлык яхтасы кармалды

Испанияда орусиялык миллиардер Виктор Вексельбергдин 90 миллион долларлык яхтасы кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кармалган Tango яхтасынын узундугу 77 метр. Яхтанын баасы 90 миллион доллар. Яхта Испаниядагы АКШ бийлигинин өтүнүчү менен кармалган.

Бул Владимир Путинге жакын адамдардын активдерин алгачкы камакка алынуусу.

Виктор Вексельберг "Сколково" фондунун президенти жана "Ренова" компаниялар тобунун директорлор кеңешинин төрагасы. Ал 2018-жылдан бери АКШнын санкцияларында. АКШ өкмөтү Вексельбергди "Кремлдин инсайдери" деп атап, анын өкмөт мүчөлөрү менен бекем байланышы бар экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан