Ливан өлкө банкрот болгонун жарыялады

Ливандын вице-премьер-министри Саад аль-Шами Ливан мамлекети жана борбордук банкы банкрот болгонун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, саясатчы мамлекеттин каржы секторунун жоготууларын жеңүүгө олуттуу салым кошо албай турганын жарыялаган. Бул анын ликвиддүүлүгү жок дегенди билдирет.

"Тилекке каршы, мамлекет жана борбордук банк банкротко учурады. Ошондуктан бизде көйгөйлөр бар. Жоготуулар буга чейин эле болгон", - деген ал.

Анын айтымында, жоготуулар мамлекетке, Ливан банкына, өлкөдөгү банктарга бөлүштүрүлөт. Ал белгилегендей, өлкөнүн экономикасындагы көйгөйлөр ондогон жылдар бою топтолуп келген.

Ошондой эле вице-премьер-министр 2020-жылы Ливандын өкмөтү өлкөнү банкрот деп жарыялаганын, бирок чындыгында Борбордук банк азыр жетер чегине жеткенин белгилеген. Ливандыктар акчаны кантип басып чыгарары азыр белгисиз.

Муну менен Ливан 2022-жылы дүйнөдөгү банкрот болгон алгачкы мамлекет болду.

2020-жылы Ливандын борбору Бейрут шаарындагы портто 2 миң 750 тонна аммиак селитрасы жарылып, 15 миллиард доллардан ашык зыян келтирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан