Парламент комитети "Коопсуз шаар" боюнча маселени жабык эшик артында карап жатат.
Президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү аталган маселе боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканына байланыштуу жыйынды жабык эшик артында улантууну сунуштады.
Бул добушка коюлуп, депутаттар тарабынан колдоо тапты.
Мындан улам Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны жабык эшик артында өтүп жатат.