Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров 260тан ашуун украиналык деңиз аскерлери Мариуполдо орус аскерлерине багынып бергенин өзүнүн телеграм каналына жазды.
"Украинанын 503-батальонунун 267 деңиз аскери 4-апрелде Мариуполь шаарында орус куралдуу күчтөрүнө багынып берди. Бул абдан туура тандоо!", - деп жазды ал.
Ал ошондой эле орус армиясы карапайым калк менен согушпай турганын кошумчалады.
Мындан тышкары, Кадыров бардык украин аскерлерин оң тарапка өтүүгө жана украин элинин жыргалчылыгы үчүн Орусиянын аскерлери менен бирге тартипти орнотууга чакырды.
16-мартта Кадыров Чеченстандын атайын күчтөрү Мариуполдогу "Азовсталь" металлургиялык заводуна чабуул жасай турганын билдирген. Анын айтымында, азыр "Азовсталь" металлургиялык заводунда украин улутчул топтору жашынып турат.