Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары: "Суроого орусча жооп бер деген судьяга тийиштүү баа берилет"

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин комитетинде Башкы прокуратуранын отчёту каралып жатат. Анда депутат Жанар Акаев башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана Жогорку Соттун төрагасынын орун басары Нурлан Мусаевге кайрылды.

"Биринчиден, сиз ишкерлерди, инвесторлорду өзүңүз баш болуп кабыл алып, жолугушууларды жасаганыңыз алар тарабынан оң кабыл алынды. Чын эле ушундай керек болчу. Экинчиден, сиз Башкы прокуратуранын иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрдүңүз. Бирок ошону соттор дагы жасашы зарыл. Өткөндө кыргыз тилинде сүйлөйм деген биздин жаранды орусча сүйлө дешти. Ошондой сотторго кандайдыр бир чара көрүлөбү?", - деп сурады Жанар Акаев.

Жогорку Соттун төрагасынын орун басары: "Бул маселе боюнча талкуу болгон. Жогорку Сотунун төрагасынын сунушу менен Тартип комиссиясына жөнөтүлгөн. Ага тийиштүү баа берилет. Ачык маалымат берилет", - дейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан