"Айзаданын өлүмү боюнча кызматтан алынган милиция кызматкерлери кайрадан кызматтарга дайындалып жатканы чынбы?" деп сурады депутат

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралып жатат. Депутат Жанар Акаев Айзаданын өлүмү боюнча маселе көтөрдү.

"1 жыл мурун дал ушул күнү Айзада деген кызыбыздын өлүмү чуу жараткан. Эл митингге чыгып, премьер-министрге чейин жеткен. Ошондо 40ка жакын милиция кызматкерлери жумуштан алынган. Айзаданын апасы бир жыл өтсө дагы кылмыш иши аяктаган жок, жазага тартылган милиция кызматкерлери кайрадан кызматтарга кирип жатканын айтты", - деди депутат.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев: "Ал убакта кызматтык териштирүү жүрүп, милиция кызматкерлери жазасын алышкан. Жарым жылдан кийин жазаларын алган болсо, башка жакка орношу мүмкүн. Азыр так айта албайм", - дейт.

Жанар Акаев мындай окуя кайталанбашы үчүн аларды чоң кызматтарга дайындабаш керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан