Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралып жатат. Депутат Искендер Матраимов башкы прокурор Курманкул Зулушевден жаңы кабыл алынган кодекстин мурунку кодекстерден өзгөчөлүгү кандай экенин сурады.
"Биз бүгүнкү күнү СССР таркагандан бери 3 кодекс менен иштеп жатабыз. Биринчиси СССР убагындагы кодекс, экинчиси 2019-жылы кабыл алынган кодекс, үчүнчүсү акыркы 3 айда колдонуп жаткан кодекс. Өзгөчөлүктөрү кандай экен?", - деп сурады депутат.
Башкы прокурор: "Былтыр жаңы кодекстерди кабыл алып жатканда сиз дагы тийиштүү комитеттин төрагасынын орун басары катары жардам бергенсиз. Бул дагы эсибизде, ыраазычылык билдиргенбиз. Жаңы кодекстерди айырмачылыгы бүгүн кылмыш иштеринин жасалма көбөйүүсү азайды. Ар бир жарандын билдирүүсү боюнча катталчу эле, ошол боюнча миңдеген иштер тергелбей жаткан. Ошонун баары иретке келтирилди. Жаңы кодекс боюнча азыр арыз жазылгандан кийин 10 күндүн ичинде юридикалык баа берилет. Мөөнөттөрдү бузбоо боюнча катуу талаптар коюлуп жатат", - дейт.