Депутат: "Бир күндө өткөн митингге милиция кызматкерлери тарабынан эки түрлүү мамиле жасалып жатат"

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралып жатат. Депутат Жанар Акаев бир күндө өткөн митингге милиция кызматкерлери тарабынан эки түрлүү мамиле жасалып жатканын айтты.

"Азыркы болуп жаткан окуялар тууралуу президент, ички иштер министри нейтралдуу позицияны кармай турганы боюнча пикирлерин айтышты. Бирок ошол эле убакта бир күндө өткөн митингге милиция кызматкерлери тарабынан эки түрлүү мамиле жасалып жатат. Президенттин сөзүнүн кадырын кетирдиңер. Бир күн мурун президент Горький паркында митинг өткөрө бергиле деп билдирүү жасады. Бирок милиция кызматкерлери митингге чыккандарды кармап кетти. Ушул маселеде сот баарын актады. Бирок милициянын кадамы түшүнүксүз болду. Бирдей мамиле болуш керек", - дейт Жанар Акаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан