Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңешке жана министрлер кабинетине мыйзам долбоорлорду кыргыз тилинде жазууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 5-апрелде парламенттин комитет жыйынында билдирди.
"Жогорку Кеңешке Башкы прокуратуранын отчётун бир гана кыргыз тилинде жөнөттүм. Башка тилде жөнөткөн жокмун. Анткени министрлер кабинетине, сиздерге сунуш кылат элем. Мыйзам долбоорун жазганда эки тилде жазбай, котормочу албай кыргыз тилинде гана жазсак. Бул маселеге сиздер дагы көңүл бурсаңыздар", - деди ал.