Казакстанда январь айындагы баш аламандыкта кармалган Дикий Арман деген каймана ат менен таанымал Арман Жумагелдиевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Казак басылмаларынын маалыматына караганда, Алматы шаардык соту Жумагелдиевди кармоо мөөнөтүн 7-июнга чейин узартты.
Казакстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, Жумагелдиев 3 берене (ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды же жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, сатуу, сактоо, ташуу же алып жүрүү; массалык баш аламандыкка катышуу; адамды эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу, байкабастыктан жабырлануучунун өлүмүнө же башка оор кесепеттерге алып келүү) боюнча шектелүүдө.