Султан Раев 31-март күнү Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кезексиз жыйынында бир добуштан колдоого алынып, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы болуп бекиген.
Драматургду куттуктап, алдыдагы иштери тууралуу суроо салдык.
"Бул эл аралык аренада маданият тармагындагы кадыр-барктуу, түрк цивилизациясынын башын бириктирип турган уюм. ТҮРКСОЙдун негизги максаты - маданият аркылуу бардык түрк мамлекеттеринин интеграциясын бекемдөө, маданият аркылуу жакындашуу, түрк тилдүү элди бириктирип турган руханий көпүрө болуу. Эң негизги маселебиз түрк дүйнөсүндөгү маданий интеграцияны күчөтүү болуп саналат.
Алдыдагы 5 жылдагы пландарым көп. Маданий интеграцияны калыптандыруу, өнүктүрүү, бекемдөө багытындагы иш-чараларды өткөрүү. Буга чейин иш-чаралар өтүп келгени менен локалдык мүнөздө болгон. Биз болсо голобалдык маанидеги иш-чараларды өткөрөлү деп турабыз. Улуттук адабиятты жайылтуу боюнча конкреттүү иштерди жасоо ниетибиз бар. Бул маселе музыкага, киного да байланыштуу. Ошондой эле түрк дүйнөсүндөгү чыгармачыл адамдардын башын бириктирген форум өткөрүүнү пландап жатабыз. Анда маданияттагы тренддерди аныктап, бири-бирибиз менен жолугушуп турушубуз керек.
2023-жылы Айтматовдун 95 жылдыгы болот. Ошону Айтматовдун Ысык-Көл форуму деп өткөрөлү деп сүйлөшүп жатабыз. Аны жөн эле иш-чара кылбастан статусун, масштабын чоң кылып өткөрсөк дейбиз", - деди ал.
Ал эми кыргыз маданиятына байланыштуу чоң амбициялары бар экенин, азыр айтууга бир аз эрте экенин кошумчалады. Ошондой эле ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк тизмесине кирген объектилерин, кыргыздын мыкты таланттарын эл аралык аренага алып чыгуу маселелери турганын белгиледи. Андан тышкары кезектеги Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышуу керектигин кошумчалады.