Телеграмдын негиздөөчүсү Павел Дуров орусиялык бай адамдардын ичинен 3-орунду ээледи

Телеграм социалдык тармагынын негиздөөчүсү Павел Дуров Forbes басылмасынын рейтинги боюнча, орусиялык эң бай адамдардын ичинен 3-орунга жайгашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Павел Дуровдун байлыгы 15 миллиард 100 миллион доллар. Бул былтыркы кирешесинен 2 миллиард 100 миллион долларга аз. Бирок ошол учурда ал рейтингде 9-катарда болчу.

Ал эми биринчи орунду Владимир Лисин (18 миллиард 400 миллион доллар), экинчи орунду Владимир Потанин (17 миллиард 300 миллион доллар) ээлеген.

Аталган басылманын рейтинги боюнча, дүйнөдөгү бай адамдардын сап башында Илон Маск (219 миллиард доллар), экинчиде Жефф Безос (171 миллиард доллар) жана үчүнчү катарда Бернар Арно (158 миллиард доллар) жайгашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан