Кыргыз-Өзбек чек ара тилкесинде курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашкандай, ок атуунун кесепетинен 2 жаран каза болду.
Белгилүү болгондой, окуя 5-апрелде орун алды. Алдын ала маалымат боюнча, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Дейрес айылында Кыргызстандын бир нече жараны ат менен Өзбекстандын аймагына жүктөрдү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Алар мамлекеттик чек ара сызыгынан 500 метр алыстыкта Өзбекстандын аймагына кирип, коңшу өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын чек арачылары тарабынан аныкталган.
"Аткезчилер өзбек чек арачыларынын токтотуу талабына баш ийишкен эмес. Жарандарды кармоо учурунда чыр чыккан. Өзбек чек арачылары өз өмүрү жана ден соолуктарын сактап калуу үчүн курал колдонуп, анын кесепетинен эки жаран алган жаракаттарынан улам каза болду. Калган чек ара бузуучулар Кыргызстандын аймагына качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Өзбек чек арачыларынын маалыматына караганда, Кыргызстандын жарандары жалпы суммасы 20 миң доллардан ашык аткезчилик жүктөрдү алып өтүүгө аракет кылышкан. Кийинчерээк белгилүү болгондой, каза болгон жарандар Өзбекстанда туулуп өскөн, 2012-жылы Кыргыз жарандыгын алышкан. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, алар өздөрүндө Өзбекстандын паспортун сактап калышкан.
Бүгүн саат 17:55те чыр-чатак орун алгандан кийин окуя болгон жерге Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, жагдайды жеринен изилдешти. Эки тараптын чек ара өкүлдөрү өз алдынча иликтөө жүргүзө турган болуп сүйлөшүштү", - дешет маалымат кызматынан.