Казакстандын саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният өкмөттүн жыйынындагы отчётунда Казакстан алкоголдук ичимдиктерди ичүү боюнча дүйнөдө 10-орунда экенин билдирди. Мындай маалыматты коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 15 жаштан жогорку адамдардын арасында спирт ичимдиктерин ичүү деңгээли эркектер үчүн жылына 25 литрди, аялдардыкы 9 литрди түзөт.
Көпчүлүк учурларда адамдардын тышкы факторлордон улам каза болушу алкоголдук ичимдиктерди колдонуунун кесепети болуп саналат. Мисалы жол-транспорт кырсыктары, жаракат алуу, зордук-зомбулуктан каза болуу, уулануу, сууга чөгүп кетүү алкоголдук ичимдикти колдонуунун кесепети", - деген Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.
Анын айтымында, тамеки чегүү жана спирт ичимдиктерин ичүү эрте өлүмгө алып келген жугуштуу эмес оорулардын коркунучун жогорулатат. Ал ошондой эле туура эмес тамактануу жана физикалык активдүүлүктүн аздыгы да таасир этерин белгилегени айтылат маалыматта.