Чехия Украинага Т-72 танктарын жана брондолгон унааларын расмий түрдө жеткире баштады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Украинага ондогон Т-72 танктары жана брондолгон унаалар кечээ, 5-апрель күнү поезд менен жөнөтүлгөн. М1 версиясындагы Т-72 танктары акыркы үлгүдөгү танктар. Бул танктарды башкарууну украиналык аскерлер жакшы билишет.
Бул Украинадагы жаңжал башталгандан бери НАТО өлкөлөрүнөн оор аскердик техниканы Украинага биринчи жеткириши. Ошондой эле өткөн аптада Чехия Стрела-10 мобилдик зениттик системаларын Украинага жеткирерин билдирген. Оор техниканын жеткирилиши сыр сакталышы керек болгон үчүн качан жана кандай жол менен жеткирилери белгисиз.