6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовду кызмат ордунан бошотуу маселеси каралмак.
Депутат Чолпон Султанбекова Акылбек Эшимов арызын кайтарып алганын эскертип, учурда соттук иштер жүрүп жатканын белгиледи. Мындан улам депутат бул маселени күн тартибинен алып салууну сунуштады.
Бул маселе добуш берүүгө коюлуп, жыйынтыгында маселе күн тартибинен алынды.
Акылбек Эшимов алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган. Былтыр 30-декабрда Эшимов үй камагына чыккан. Ал Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына кызматтан кетүү арызы менен кайрылган. Бул маселени парламенттин 6-чакырылышы тийиштүү комитети караган. Бирок ал кийин кайра арызын чакыртып алган.