Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү системасын колдоо үчүн 32 миллион евро берет

Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-апрелде “Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт” программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду.

Анын алкагында Европа Биримдиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 32 миллион евро өлчөмүндө грант бөлүп берет. Анын ичинен 27 миллион евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого, 5 миллион евро кошумча колдоого жумшалат.

Европа Биримдигинин жардамы туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык инклюзивдик жана адилеттүү, сапаттуу билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү секторун реформалоону улантууга көмөктөшүүгө багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан