Орусиялык саясатчы Владимир Жириновский узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володинге таянуу менен орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, пленардык жыйындын алдында депутаттар саясатчынын элесин бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришкен.
Буга чейин Владимир Жириновскийдин Москвадагы клиникалардын биринде каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк Орусиянын мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин өзүнүн телеграмм каналына Жириновский тирүү экендигин жазган.