Шайлообек Атазов: "Бул жерде өлүмүш болуп жаткан депутаттар бар"

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокуратуранын отчёту каралып жатат. Башкы прокурор Курманкул Зулушев баяндама жасады.

Депутат Шайлообек Атазов: "Бул жерде өлүмүш болуп жаткан депутаттар бар. Шайлоого араң акча таптым деп айтышат. Буларга батыштан келип жаткан акчаларды көзөмөлдөп коюу керек. Булар өздөрү өтүп, кийинкилерге жардам берип жүрөт. Буларга кайсы булактардан акча келип жатат?", - деп сурады.

Зулушев: "Сырттан акча келип жаткан депутаттар болсо так маалыматты берсеңиз текшерүүгө даярбыз", - дейт.

Депутат Камила Талиева Шайлообек Атазовго эскертүү берилиши керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан