Жалал-Абаддагы "Адилет" укук коргоо уюму 10 жылдан бери паспорт ала албай жүргөн жалгыз бой эненин окуясы менен бөлүштү. Уюмдун маалыматына ылайык, Айнагүлдүн жарандыгы жок. 10 жылдан бери документ алуудагы кыйынчылыктар менен алышып келген келин укук коргоо уюмуна кайрылган.
Айнагүл Өзгөн районунун Баш-Дөбө айылында туулган. Бул фактыны аялдын укук коргоочуларга көрсөткөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү даана тастыктап турат. Айнагүлдүн үй-бүлөсү 1993-жылы Өзбекстанга көчүп кеткен. Турмушка чыгып, 2010-жылдан баштап Кыргызстанда отурукташып калган. Тиешелүү документинин жоктугунан ал Өзбекстанга барууда кыйынчылыкка туш болот.
"Адилет" укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Райымжанов бул маселени колго алган. Айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери Айнагүл Өзбек жарандыгын алган же албаганын тактоо керектигин айтышкан. Келин Өзбек жарандыгын албагандыгы тууралуу маалымкат алып келген, бирок кызматкерлер ишенбей, өздөрү тактай турганын билдиришкен.
Мындан улам уюмдун юристтери бардык жагдайларды тактоо максатында Мамлекеттик каттоо кызматына кат менен кайрылышкан. Мамкаттоонун алдындагы Калктын жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинен "Аваз кызы Айнагүлдүн ата-энеси Өзбекстандын жарандары, арыз ээси да 20 жашка чейин Өзбекстанда жашаган. Ал 9-классты ошол жакта аяктаган. Айнагүл айланма жол аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз кирген", - деген жооп келтирген.
Ал эми Анжиян облусунун Кургантепа районунун ички иштер бөлүмү тарабынан Айнагүл Өзбекстандын жарандыгын алган эмес деген маалымкат берилген. Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти "маалымкат жана чогултулган материалдардын негизинде Аваз кызы Айнагүл Кыргыз Республикасынын аймагында "жарандыгы жок адам" деп табылды" деп билдирген. Анын негизинде тиешелүү корутунду берилип, Айнагүлгө жашоого уруксат алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Айнагүлдүн жолдошу 1 жарым жыл мурда Орусияга кеткен. Айтымында, жолдошунун жакындары алардын чогуу жашашын каалашкан эмес, 4 баласы бар. Балдардын Кыргызстанда туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү бар. Бир гана улуу кызы үйдө төрөлгөндүктөн күбөлүгү жок. Азыр балдар үй комитети берген маалымкат менен мектепке барышат.
Айнагүлдүн өзүнөн бир жаш кичүү сиңдисинде да ушундай көйгөйлөр бар, ал Кыргызстанда төрөлгөн. Бул жерде туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген. Анын төрт баласы бар, бирок Өзбекстандын жарандыгын алган ата-энесинин айынан ага да паспорт берилбейт. Ал жакында эле бул өлкөнүн жараны эмес деген маалымкат алып келгенге жетишти. Эң жакшы дегенде, бул күбөлүк ага "жарандыгы жок адам" болууга жардам берет.