Депутат: “Курманкул Токторалыевич, сиздикиндей отчёт көптөн бери көрө элек болчумун”

Жогорку Кеңеште башкы прокурор Курманкул Зулушев отчёт берүүдө. Анда баш прокурорго сындар айтылып, суроолор берилип жатат.
Депутат Камила Талиева дагы жыйында сөз алып, башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отчётуна мыкты деген баасын берип, жакшы даярданып келгенин белгиледи.

“Курманкул Токторалыевич, сиздин отчётуңузду окуп чыктым. Мамлекеттик тилде стилистикасы, мазмуну так жана түшүнүктүү жазылыптыр. Мен көптөн бери мындай отчёт көрө элек болчумун. Буга чейин башкы прокурорлор расмий тилде алып келишчү. Ушундай саамалыкты жайылтыш керек.

Мыйзамды келегей тилде жазып алып келишет, бул туура эмес. Бул жааттагы сиздин ишиңизди колдойм”, - деди Талиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан