Окумуштуулар адамдарга кандай жыт көбүрөөк жагарын аныкташты

Окумуштуулар көпчүлүк адамдарга кандай жыт жагарын аныкташты. Изилдөөгө ылайык, дээрлик бардык адамдар жытты бирдей кабыл алышат. Изилдөөнү швед окумуштуулары Оксфорд университетинин окумуштуулары менен биргеликте жүргүзгөн деп жазышат чет элдик басылмалар.

Маалыматка ылайык, изилдөөгө ар кайсы өлкөлөрдөн 235 ыктыярдуу адам катышкан. Алар ар кандай жыттардын жагымдуу же жагымсыз экенин баалашкан. Алардын көпчүлүгүнө мөмө-жемиш, ваниль жыты жаккан.

Ал эми изилдөөнүн бардык катышуучуларына адамдын бутунда, сырда, соя сүтүндө жана алма ширесиндеги изовалер кислотасынын жыты жаккан эмес.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, окумуштуулар жытты кабыл алуу сезими маданияттын өзгөчөлүктөрүнө болгону 6 пайыз тиешелүү экендигин аныкташкан. Ал эми 54 пайызы адамдардын жеке өзгөчөлүгү, табитине байланыштуу болсо, 40 пайызы жыттын молекулалык түзүлүшүнө байланыштуу болору белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан