Буга чейин Нарында облустук оорукананын төрөт бөлүмүнүн кызматкерлери 27 жаштагы келинге антисептик сайып, бейтап кайра жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Кийинчерээк ал жалпы палатага которулганы, өз алдынча кыймылдап калганы белгилүү болгон.
Бүгүнкү күнгө карата эне-баланын абалы канааттандырарлык экени Нарын облустук биргелешкен ооруканасынын жетекчиси Чыңгыз Нарынбеков тарабынан белгилүү болду.
"Бейтап жалпы палатада. Эне-баланын абалы жакшы, буюрса, ушул аптанын аягында үйүнө чыгат. Антсептиктин организмге эч кандай терс таасири болгон эмес", - дейт жетекчи.
Белгилей кетсек, адистердин келинге антисептик сайып алган окуясы боюнча экспертиза дайындалган.