АКШ Путиндин кыздарына санкция киргизди

АКШ Владимир Путиндин кыздарына карата санкция киргизди. Бул туурасында дүйнөлүк басылмалар Ак Үйдүн өкүлүнө шилтеме берүү менен жазышууда.

Андагы маалыматка караганда, санкциялык тизмеге Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун аялы, кызы жана Орусиянын Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү (атап айтканда, Дмитрий Медведев жана Михаил Мишустин) да кирери айтылган. Ошондой эле АКШ Орусияга жаңы инвестицияларды киргизүүгө жана Орусиянын мамлекеттик карызын АКШнын юрисдикциясындагы каражаттардын эсебинен төлөөгө тыюу салары жазылат.

Ал эми CNN басылмасы: "Мындан тышкары Вашингтон Сбербанк менен Альфа-Банкка (энергетикага байланыштуу операцияларды кошпогондо) бөгөт коюучу санкцияларды киргизүүдө. Ушундай эле санкцияларга Орусиянын мамлекеттик ири ишканалары да дуушар болот (АКШнын Каржы министрлиги 7-апрелде алардын тизмесин көрсөтөт)", - деп жазат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан