Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Жириновскийдин өлүмү тууралуу билдирүү жасады

Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги саясатчы Владимир Жириновскийдин өлүмү тууралуу билдирүү жасады. Орусиялык басылмаларда жазылган маалыматта дарыгерлер анын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык аракеттерди жасаганы айтылат.

"Узакка созулган оорудан улам 76 жаш курагында белгилүү саясатчы, коомдук ишмер Владимир Вольфович Жириновский каза болду. Дарыгерлер мүмкүн болгон бардык медициналык жардамды көрсөтүп, анын өмүрү үчүн акырына чейин күрөштү", - деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володиндин айтымында, Жириновскийди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 8-апрелде Москва шаарында өтөт.

Эскерте кетсек, бүгүн, 6-апрелде орус саясатчысы Владимир Жириновский узакка созулган оорудан улам каза болгондугу кабарланган. Саясатчы 2-апрелде COVID-19 диагнозу менен ооруканага жаткырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан