Индиянын Тамилнад штатынан жашоочусу акыркы сапарга узатылгандан бир нече саат өткөндөн кийин үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 55 жаштагы жумушчу Мерти аттуу жаран Тируппур шаарына кант камышын жыйноо үчүн барып, дайынсыз жоголгон. Көп өтпөй жакындарына анын жансыз денеси аялдаманын жанынан табылганын кабарлашкан. Жансыз денени уулу көрүп, атасы экенин билдирген.
Полиция өлүмдү каттап, сөөктү үй-бүлөсүнө өткөрүп берген.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяктагандан бир нече сааттан кийин Мурти үйүнө тирүү кайтып келген.
"Ал үйгө киргенде көргөн көзүбүзгө ишенген жокпуз. Баарыбыз нес абалда болдук", - деген уулу.
Учурда полиция кайсы адам көмүлгөнүн тактап жатат.