Министр: "Эми балдар 1-класска 7 жаштан эмес, 6 жаштан кабыл алынат"

Өлкөдөгү мектептер эми 12 жылдык билим берүүнү пландап жатат. Бул тууралуу билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Министрдин билдиришинче, эми балдар 6 жаштан баштап 1-класска кабыл алынат.

"12 жылдык окуу боюнча: Эми бала 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө биринчи класска аттанып, 0-класс деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт. Дүйнөлүк стандартка ылайык болобуз", - деп жазды Алмазбек Бейшеналиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан