"9 жылдык билим жетиштүү болмок". Мектептерде окуучулардын 12 жылдык билим алууга өтүү демилгеси сынга кабылды

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өлкөдөгү мектептер эми 12 жылдык билим берүүгө өтүү демилгеси көтөрүлүп жатканын, мындай кадамга баруу дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келерин билдирди.

"Бир айдын ичинде билим берүүнүн бирдиктүү стандартын бекитебиз. Ага ылайык, 12 жылдык билим берүүнү программасын киргизүүнү көздөп жатабыз. 12 жылдык билимде дагы бир жыл кошуп окутпайбыз. Бизде мектепке даярдоо үчүн окутулуп келген 0-класс бар. Дүйнөлүк практиканы алып көрсөк, мындай практика жок экен.

Бүгүнкү күндө студенттер өлкө аймагында жайгашкан окуу жайларда гана билим алышпайт. Дүйнөлүк, Европанын, Азиянын, Чыгыштын, Батыштын ар кандай окуу жайларына тапшырып жатышат. Көп мамлекеттерге барганда Кыргыз өлкөсүндө билим 11 жылдык деп толуктатып окутушат же Билим берүү министрлигинен толук билим алгандыгын далилдеген маалымкаттарды талап кылышат. Мындай кыйынчылыктар болбошу үчүн 0-классты кошуп иреттеп коюу боюнча демилге көтөрүп жатабыз.

Эми бала 7 жашынан эмес, 6 жашынан милдеттүү түрдө биринчи класска аттанып, 0-класс деген жоюлат. Ошондо бала жылдан утулбайт. Дүйнөлүк стандартка ылайык болобуз", - деп билдирди министр.

Министрдин жогорудагы демилгеси социалдык тармакта кызуу талкуу жаратып жаткан чагы. Интернет колдонуучуларынын кээ бирлери 12 жылдык билим берүүнү колдоп, мындай реформанын артында билим берүү тармагы дүйнөлүк стандартка шайкеш келерин айтышса, кээ бирлери 12 жыл ашыкча мөөнөт экендигин жазышууда.

"Германияга жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн Кыргызстанда 2 жыл ЖОЖдо окуган болушуң керек деп убара кылышты эле. Туура чечим, биздин абитуриентер дүйнөнүн каалаган жерине барып окуганы талаптарга жооп бере турган аттестатка ээ болгону эң сонун. 6 жаштан окуп баштаганы дагы ата-энелерге жеңилдик. Бир жыл эрте садиктен балдарын мектепке которгон болот";
"9 жылдык билим жетиштүү. Кесиптик колледждерди көбөйтүш керек. Ошондо сонун болот. Өмүрүнүн жарымын мектепте өткөрбөстөн";
"Орто мектепти 10 жыл эле кылса болот. Анткени 10 жыл ичинде мектепте окуганды, жазганды, эсептегенди эле үйрөнөт. Бул аралыкта окуучунун шыгына жараша кесипке даярдаса боло турчу убакыт. 12 жыл не деген маскарапоздук? Адам өмүрү текке эле кетип жатат, ааламдашууда..."
"Балдар Японияга окууга тапшырам деп бир жылын жоготпой калат экен. Ушул 12 жылдын алкагында, окуучулар университеттин программасын окуганга да мүмкүнчүлүк алса дейм. Бир-эки кредит сабак алып койсо, университетке барганда балдар даяр да болот. Академикалык чынчылдык, академикалык иштерди, эсселерди, изилдөө методдорун мектептен эле окуп койсо болот. Андан тышкары, өзүн өнүктүрүү, коомго пайдалуу болууга, ыктыярдуу кайрымдуулук иштерин жасоого үндө буларда программага кирсе";
"12-класс эмес эле, программаны оңдоо керек. Жаңы методдорду, стандартка жооп бергидей кылып";
"Окуучулар көп, мектеп жетишсиз. Мектептин санын көбөйтүү керек. Окуу жылы 11 жылдык боюнча эле калганы жакшы";
Мындан тышкары министр журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып мугалимдердин кыскарган 150 саатын мектептерде ар түрдүү ийримдерди уюштуруп, окуучунун ар тараптуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүлүп, ал үчүн мыкты кесип ээлерин мектепке сабак өтүүгө тартыларын кошумчалады.
"Мектептерде сабактардын сааттарын азайтып, сапатын көтөрүүнү пландап жатабыз. Бул жерде мугалимдердин айлыгы саатка карап кыскарбайт. Алар оклад түрүндө маяна алышат", - деп кошумчалады министр.
Ошондой эле бала окууну бүтүп жатканда бир же бир нече кесипке ээ болгонун тастыктаган сертификат алып чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу саясаты башталып жатканы айтылды. Мындай иштер ишке ашса, ата-энелер үчүн дагы жакшы болот.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан