Поэтерапия: "Үйлөр бар заңгыраган, бакыты жок, Кепе бар шаңга толгон жакуту жок"

Порталыбыздын "Поэтерапия" рубрикасынын бул жолку каарманы жаш калемгер Назима Алмазбекова.

Назима Алмазбекова 1992-жылы 30-мартта Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда төрөлүп, Ош шаарында чоңойгон. Филологиялык, юридикалык жогорку билимдерге ээ жана Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы башкаруу академиясынан магистердик даражага ээ болгон. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Ош шаардык кеңешинин 5-чакырылышынын депутаты. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын мээримдүү апасы.

Кантип?

Түркүк кулап, Кудай бизди албачудай,
Түбөлүк жашоого эч барбачудай.
Түркөйлөр түкүрүнүп сүйлөп жүрөт,
Түгөнбөй, жашоо бүтүп калбачудай.

Жан күйөт, адилеттик тебеленет,
Жан дүйнө дагы канча жемеленет?
Жалпылап менчиктешип алышкандай,
Жанагы жүздөр эле тегеренет.

Тазалар көп, тоскон суудай акпай турат,
Тамтыгы чыккан жерге батпай турат.
Табакка колун салбай түртө салып,
Тарп жеген жоруларга жакпай турат.

А жаштар... жолду көрбөй, баш салабыз,
Айтылган буйруктарды аткарабыз.
Айдама, ээрчиме болуп өсүп,
Анан кантип өзгөлөрдү башкарабыз?

Карадан акты бөлүп карабасак,
Кантип биз келечекти башкарабыз?

"Кантип?" деген ырым көп жыл мурун жаштар саясаты тармагында иштеп жүргөнүмдө жазылган. Кызмат ордумду алмаштырайын деп көптөгөн сынактарга катышып, бетке айтар, өзүнүкүн бербеген көк бет мүнөзүмдүн айынан өтпөй калчумун. Жетекчилерге жагалданып жүргөн бат эле көтөрүлүп, түрдүү кызматтарга барып, айтылган буйруктарды гана аткарган айдама кызматкерлердин катарын толуктап калышчу. Кыскасын айтканда, жан күйгөндө жаралган ырлардын бири.

Бир күнү

Бир күнү гүлдөр бүчүр түйбөй калат,
Бир күнү оттор жанып, күйбөй калат.
Бир күнү кучакташкан колдор бошоп,
Бир күнү жан дүйнөлөр сүйбөй калат.

Бир күнү женилишет, утпай калат,
Бир күнү кулак дабыш укпай калат.
Бир күнү жамгыр жаабай, булут баспай,
Бир күнү күн төбөдөн чыкпай калат.

Бир күнү суулар сайдан акпай калат,
Бир күнү бактар барик такпай калат.
Бир күнү жылдыз көрбөй асман бети,
Бир күнү таң агарып атпай калат.

Бир күнү өлүм бизди коштоп калат,
Бир күнү баары сыздап, жоктоп калат.
Бир күнү... кайсы экени билинбеген,
Бир күнү жүрөктөр да токтоп калат.

Карабай карыбызга, жашыбызга,
Кедей-бай, дүйнө-мүлккө, ашыбызга.
Ойлонуп алганыңа мүнөт бербей,
Ошол күн келет экен башыбызга.

"Бир күнү" деген ырым бир курбумдун жакын адамы каза болгондо, көңүл айтып келе жатканда жаралган. Бул дүйнөгө эч ким түркүк боло албайт экенин, бардык адамдардын бараар жери ошол, ажал кары-жашка карабайт экендигин айткым келген.

Багыт

Өмүрдүн ачып жаңы барактарын,
Өрөпкүп, күүлөйм улам канаттарым.
Өр тартып, өз жолумда бара жатам,
Өзүң ач, багытымды Жаратканым.

Баарына кең болоюн, чектелбейин,
Бактысыз тагдырыңа бет келбейин.
Башымды бийик кылчы Жаратканым,
Баркымды билбестерге тепселбейин.

Арамдык, жамандыкты көз көрбөсүн,
Армандап, сынып жүрөк өкчөлбөсүн.
Акыйкат жолго салып Жаратканым,
Адамдык сапаттарым бөксөрбөсүн.

"Багыт" деген ырым жумуштан кысым болуп, кызмат ордумду таштап кетип, Жалал-Абадга иш которуп кеткен мезгилде жаралган. "Башымды бийик кылчы Жаратканым, баркымды билбестерге тепселбейин" деген саптардан ары таарынуунун, ары үмүттүн учкунун көрүүгө болот. Жаңы жер, жаңы иш орун, жаңы кесиптештер болуп, көнө албай жүргөндө "өзүң ач багытымды" деген саптар жаралган.

Жашайлычы шүгүр кылып

Бирөө жүрсө арданбай «велик» минип,
Бирөө жүрөт дардаңбай «гелик» минип.
Бирөөлөр миллиондордон зекет бербейт,
Башкасы... бар оокатын берип ийип.

Күлгөн бар турса дагы итке минип,
Күйгөн бар күндө жаңы джипте жүрүп,
Соолоруң акча сурап көчө таптайт,
Майыптар иштеп жүрсө билек түрүп.

Үйлөр бар заңгыраган, бакыты жок,
Кепе бар шаңга толгон жакуту жок.
Ким бирөө бар дүйнөгө тойбой атса,
Бирөөнүн кубанычы-курсагы ток.

Адам бар, үстүндө бир кийими жок,
Кийим бар, а ичинде “адамы” жок.
Бирөөлөр ата-энеге зар болушса,
Бирөөлөр сурап койбойт, карааны жок...

Ар таңда асыл ниет менен туруп,
Адал ой, мээнет менен алга жылып.
Жан дүйнөнү толтуруп жакшылыкка,
Жашайлычы жаратканга шүгүр кылып!


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан