Бириккен улуттар уюму Украинадагы кагылышта каза болгон жай тургундардын санын атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 24-февралдан 5-апрелге чейин Украинадагы кагылышта 3776 жай тургун жапа чеккен. Алардын ичинен 1563 киши каза болуп, 2213 адам жаракат алган. Каза болгондордун арасында – 379 эркек, 237 аял, 24 кыз жана 43 эркек бала, ошондой эле жынысы азырынча белгисиз 63 бала жана 817 чоң кишилер бар.