Улуу Британияда эң ири күйүүчү май уурдоо катталды

Улуу Британияда эң ири күйүүчү май уурдоо фактысы катталды. Анда кылмышкерлер 250 миң фунт стерлингге бааланган дизель күйүүчү майын уурдашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка ылайык, уурдоо Королдук флоттун аскердик кемесинде болгон. Уурулар HMNB Devonport аскердик-деңиз базасындагы жогорку коопсуздук чараларына карабай танкерди уурдап кете алышкан. Алар күзөтчүлөр текшерүү үчүн токтоткондо гана кармалышкан.

Бирок күйүүчү майдын көбү орто жолдо көмүскө соода аркылуу сатылып кеткен деп божомолдонууда.

Ошондой эле уурдалган дизель майы 325 моряк жана 405 аскери бар 19 миң 560 тонналык чабуулчу кеме HMS Bulwark'тын генераторлоруна арналганы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан