Орусиялык дарыгер тез даярдалуучу кесме рак ооруларына алып келиши мүмкүн экенин айтты

Орусиялык врач-эндокринолог Полина Королева тез даярдалуучу кесмени тынымсыз колдонуунун зыяны тууралуу орус басылмаларынын бирине берген маегинде айтып берген.

Анын айтымында, тез даярдалуучу кесмени өзүнүн идишинде эле даярдоо зыян. Себеби кесме салынган идиш полимер материалынан даярдалат. Ага ысык суу куюп, дымдаганда зыяндуу заттар бөлүнүп чыгат. Бул өз кезегинде онкологиялык оорулардын пайда болушун шарттайт.

"Тез даярдалуучу кесмени өзүнүн идишинде эмес, айнек же керамикадан жасалган идишке даярдоо туура. Ошол эле учурда бул азыкты өтө сейрек колдонуу керек. Чоң адамдар аптасына 1 жолудан көп эмес, ал эми жаш балдар айына 1 жолу жесе болот", - деген ал.

Ошондой эле тез даярдалуучу кесмени ашказан жана ичеги-карын оорусу менен жабыркагандарга колдонууга тыюу салынарын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан