Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШ бийлиги өлкөгө жана президент Владимир Путиндин кыздарына каршы киргизген жаңы санкциялары үчүн жооп берерин билдирди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Дмитрий Песковдун айтымында, үй-бүлө мүчөлөрүнө карата чектөөлөр "ар кандай чектөөлөрдү киргизүү боюнча кутурган линиянын" уландысы.
"Кандай болгон күндө да үй-бүлө мүчөлөрүнө кандайдыр бир чектөөлөрдү колдонуу боюнча уланып жаткан линия - бул өзү жөнүндө айтып турат. Мындай кадамдар, мындай ыкмалар кандайдыр бир баа берүүнү талап кылбайт. Муну түшүнүү жана түшүндүрүү кыйын нерсе, тилекке каршы, мындай оппоненттер менен күрөшүүгө туура келет", - деген Песков.
Буга чейин, 6-апрелде АКШ бийлиги Владимир Путиндин болжолдуу кыздары аталган Мария Воронцова жана Екатерина Тихоновага карата да санкцияларды киргизгени айтылган.
Ошол эле учурда Кремль алардын Путиндин кыздары экендигин тастыктаган да, төгүндөгөн да маалымат билдиришкен эмес.