Мурун 65-70 жаштан ашкандардын сөөктөрү сынып, остеопороз оорусуна чалдыгып келген болсо, жыл өткөн сайын бул оору жашарып 35-40 жаштагылар да аталган илдетке кабылган учурлар кездешүүдө. Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору сөөктөрдүн сынуусуна алып келген факторлор атады.
Остеопороз - бул сөөк тканынын тыгыздыгы төмөндөп, сөөктөр өтө жука жана морт болуп калган абал, мындан улам сынык-жаракаттар тобокелчилигинин жогорку даражасы келип чыгат.
Адамдын жашоосунун ичинде сөөк клеткалары дайыма жаңыланып турат, бирок эгерде остеопороз өөрчүй турган болсо, эски сөөк клеткалары жаңы клеткаларда аларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болгонго чейин эле тез бузулат. Остеопороздо сөөк кальций жана башка минералдарды жоготот. Мунун бардыгы сөөктөрдү алсыратат, ал гана эмес бир аз сокку болгондо же жыгылган учурда дагы сынып кетүүгө дуушар кылат.
Остеопороз оорусунун алгачкы белгилери байкалбагандыктан ал дайым өтүшүп кеткенде гана билинет. Мисалы адам колун, бутун сындырып ооруканага кайрылган маалда гана анын остеопороз экени аныкталат.
Остеопорозго байланыштуу келип чыккан сыныктар көбүнчө сан, билек же омуртка тарапта кездешет жана майыптуулукка алып келиши ыктымал.
Бул оору менен мурда 60-70 жаштагы улгайган адамдар жапа чегип келишсе азыр 35 жаштан баштап жабыркагандар бар.
Остеопороздун келип чыгышын аныктоого боло турган белгилер:
► Бойдун кичирейиши (1-1,5 сантиметрден көп), бүкүрөйүү, омуртканын кыйшайуусу;
► Сөөктөрдүн улам-улам сынышы, алардын көптө бүтүшү;
► Аба ырайы өзгөргөн учурдагы сөөктөрдөгү оорутуулар;
► Тырмактын морт болушу жана чачтардын сынышы, тиштердин бузулушу;
► Түнкүсүн буттардын карышуусу;
Остеопорозду аныктоо үчүн, сөөк тканынын тыгыздыгын жана сөөктөгү кальцийдин камтылышын аныктоо максатында ультра добуштуу рентген изилдөөсүнөн өтүү керек.
Остеопорозду алдын алуудагы маанилүү чаралар:
- тамеки чегүү жана алкоголду ашыкча ичүү сыяктуу зыяндуу адаттардан баш тартуу;
- физикалык активдүүлүк жана скелеттин бардык сөөктөрүнө жетишерлик күч - сөөк тканынын тыгыздыгынын төмөндөөсүн алдын алуудагы абдан натыйжалуу ыкма;
- лифт менен эмес тепкич менен чыгуу, бир-эки аялдама эрте түшүп калып, калган жолду жөө басуу;
- күндүз таза абада 10-15 мүнөт сейилдөө, организмге кальцийди сиңирүү жана бекем сөөктөрдү калыптандыруу үчүн зарыл болгон Д витаминин жетишерлик өлчөмдө алуу;
- рационалдуу жана тең салмакталган тамактануу.
Остеопороздун негизги себеби организмдеги алмашуу жана горманалдык процесстердин бузулушу болуп саналат. Бул дартка чалдыккан адамдын тамактануу рационунда кальцийге бай азыктардын болгону жакшы.
Кальцийге бай азыктар:
♦ Капустанын бардык сорттору;
♦ Жаңгактардын бардык түрлөрү;
♦ Дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн бардык түрлөрүнүн бүтүн дандуу азыктары;
♦ Кычкыл сүт азыктары (табигый);
♦ Кургатылган жемиштердин бардык түрү, өзгөчө өрүк жана кара өрүк;
♦ Ар кандай ашкөк чөптөрү, өзгөчө шпинат;
♦ Жаңы жашылчалар жана жемиштердин бардыгы.
Остеопорозду дарылоо ошондой эле дары каражаттарын ичүүнү жана көнүгүүлөрдүн атайын топтомун аткарууну камтыйт. Мунун бардыгы кыйратуучу оорунун өнүгүүсүн токтотууга мүмкүнчүлүк берет.