Орусиянын Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешиндеги мүчөлүгү убактылуу токтотулду. Бул туурасында аталган уюмдун расмий сайтында жарыяланган маалыматта айтылат.
Украина жана БУУга мүчө 50дөн ашуун мамлекет сунуштаган резолюцияны 93 мамлекет колдоп, 24 делегация каршы, 58 калыс калыс экендигин белгиледи.
Каршы добуш бергендердин арасында Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Иран жана башка мамлекеттер бар.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши 47 мүчө-мамлекеттен турат, алардын ар бири географиялык тең укуктуу бөлүштүрүү принцибинин негизинде Башкы ассамблеянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен түз жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.