Жумгал суусуна эки жашар бала агып кетти

Жумгал суусуна эки жашар бала агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдааалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-апрелде Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Чаек айылында 2 жашар бала Жумгал суусуна түшүп кеткен. Аны издөө үчүн ӨКМнын 9 куткаруучусу, 8 милиция кызматкери, 10 жергиликтүү тургун тартылган.

Издөө иштеринин жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан наристенин жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан