Эдил Байсалов Орусиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты

Министрлер Ккабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарына жумушчу сапарынын алкагында Бириккен улуттар уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын регионалдык форумунун жабылышында жыйынтыктоочу сөз сүйлөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өз сөзүндө Эдил Байсалов Орусиянын эл аралык уюмдарга катышуусун токтотуу аракетине каршы чыкты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары комиссияга мүчө 56 мамлекеттин делегациясын комиссиянын Чыгыш менен Батыштын ортосундагы кызматташтыктын көпүрөсү катары ишинин тарыхый мандатын сактап калууга чакырды.

"Төрага катары мен сиздерди Европа экономикалык комиссиясынын өзгөчө ролун жана мандатын сактап калууга жана коргоого чакыргым келет. Бардык трагедиялуу жагдайларга, тараптардын позицияларынын кагылышына жана эмоциялардын күчөшүнө карабастан биз БУУ ЕЭКти диалог аянтчасы жана кызматташтык көпүрөсү катары сактап калышыбыз керек. Акыркы 75 жыл ичиндеги чыңалуу мезгилдеринде биздин өлкөлөр уюмдун өзгөчө мандатын жогору баалап келген. Комиссиянын негизги мүчөлөрүнүн биринин катышуусун чектөө баарыбызды чектейт", - деди Эдил Байсалов.

Белгилесек, БУУ Европа экономикалык комиссиясы 1947-жылы 28-мартта БУУнун Экономикалык жана социалдык кеңеши тарабынан аймактын ичиндеги экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана экономикалык байланыштарды чыңдоо максатында түзүлгөн.

Жумушчу тилдер катары француз, англис жана орус тилдери саналат. Уюмга 56 мамлекет: Европа өлкөлөрү, АКШ, Канада, Түркия Республикасы, Израиль мамлекети, Борбор Азия өлкөлөрү кирет. Кыргыз Республикасы 1993-жылдын 30-июлунда Комиссиянын толук кандуу мүчөсү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан