Министрлер кабинети тарабынан быйыл айыл чарба жаатына өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.
Жыл башынан айыл чарба тармагында дыйкандарга арзан насыяларды берүү боюнча иш алып барылууда.
“Министрлер кабинети тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Жыл башында айыл чарба тармагында субсидия катары 592 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражат дыйкандарга арзан баада насыя катары банктарда берилет. Өткөн жылы дыйкандарга арзан делген насыя 10 пайыз менен берилип келсе, бул жылы 6 пайыз менен берилип жатат. Бул минималдуу көрсөткүч.
Министрлер кабинети тарабынан ошондой эле үрөн сатып алууга 1,5 миллиард сом бөлүнгөн. Буга Орусиядан сапаттуу үрөндөрдү алып келүү пландалууда”, - деди Алишеров.