Быйыл айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн 26 миллард сом бөлүндү

Быйыл айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн жалпы 26 миллард сом бөлүндү. Бул тууралуу маалымат жыйында айыл чарба министринин биринчи орун басары Нурдин Алишеров билдирди.
Анын айтымында, бул каражат дыйкандарга сапаттуу үрөн, жер семирткич сатып келүү жана аларга арзан баада насыяларды берүүгө коротулат.
“Быйыл Министрлер Кабинети тарабынан айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Айта кетсек, бул айыл чарба тармагына өкмөт тарабынан жалпы 26 миллиард сом бөлүндү. Бул дыйкандарды үрөн, техника жана башка муктаждыктарын жоюуга колдонулат”, - деди Алишеров.

Ал эми Финансы министрлигинин өкүлү Мирбек Дүйшеев буга чейин мындай көлөмдө айыл чарба тармагына каражат бөлүнбөгөндүгүнө токтолду.

Ал өткөн жылы бул тармакка бир нече эсе аз акча, тактап айтканда 6,2 миллиард сом бөлүнгөнүн мисал кылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан