Бишкектин Биринчи Май районунда ирригациялык тармактарды тазалоо иштери толугу менен аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан Абдрахманов, Горький, Медеров, Киев, Байтик баатыр жана башка көчөлөрдүн жээгиндеги 95 миң 698 погондук метр тазаланды. Учурда Батыш ЧЧКнын боюндагы коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоо жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Уркуя Салиева атындагы аянтка, Чернышевский атындагы китепкананын аянтына жана Пушкин көчөсүнө 50 миңден ашык жандуу тосмолор отургузулду, ошондой эле гүлдөрдү отургузуу үчүн гүлзарларды даярдап жатабыз.