Өлкөдө 12 жылдык билим берүү системасында бала 6 жаштан 1-класска барганда атайын иштелип чыккан программа менен окутулат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 6 жаштагы бала 1-класска барганда жеңилдетилген программа менен сабак өтүлөт.
"Дароо оор окуу программасына өткөрбөйбүз. 6 жаштагы бала 1-класска барганда өзүнүн курагына жараша сабак жүгүртмөсүндө 10-15 мүнөт окуган соң оюндар, көнүгүүлөр уюштурулат. Өзүнчө, жеңил программа менен баланы окуу процессине даярдайт. Негизги көңүл баланы социалдаштыруу, негизги окуу көндүмдөрүн калыптандырууга бурулат", - деп билдирди Жусупбекова.
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өлкөдөгү мектептер эми 12 жылдык билим берүүгө өтүү демилгеси көтөрүлүп жатканын, мындай кадамга баруу дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келерин билдирген. Министрдин демилгеси интернет айдыңында кызуу талкууга алынган.
Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз өлкөсү 12 жылдык мектеп билим берүүсүнө өтүү себептерин түшүндүрүп берди.