"Альянс" фракциясы дүйнөнүн алдыңкы университеттерине тапшырган магистранттар үчүн контракттын бир бөлүгүн төлөөнү демилгеледи

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясы "Аргымак" стипендиялык программасын демилгелөө боюнча маселени карады.

Фракция лидери Жанар Акаев жылына дүйнөдөгү рейтинги жогору 50 университеттин магистратурасына өз күчү менен өткөн жарандарды колдоп туруу аракети көрүлүп жаткынын айтты.

"100 пайыз мамлекет каржылабаш керек. Бизде өздөрү университетке өтүп, кандайдыр бир жеңилдиктерге ээ болгон студенттерибиз бар. Мисалы, 50 пайыз жеңилдик алгандар. Бирок ошол 50 пайыз дагы 4-5 миң долларды түзүп калышы мүмкүн. Окуунун 20-30 пайызын өздөрү төлөсө, калганын мамлекет төлөп берсе бул чоң жоопкерчилик болот. Мисалы, "Кумтөр" алтын кенин алдык. Эми тоо кен өнөр жайын иштетип кете турган мыкты адистер керек. Дүйнө илим, билим жаатында алдыга кетти. Биз ошондой атаандаштыкта артта калбашыбыз керек.

Бул демилгени "Альянс" фракциясынын бир топ депутаттары жабык жыйындарда көтөрүп келген. Акылбек Жапаров тарабынан дагы колдоого алынды. Жылына 30-50 баланы жөнөтүп окутуп алсак жакшы болмок деген ойдобуз. Бул ачык-айкын болуш керек. Буга чейин "XXI кылымдын кадрларында" ар кандай тааныш билиш жетекчилердин, депутаттардын, министрлердин балдарын кошуп жиберген учурлар болгон. Бул жолу андай болбойт. Ошол жактагы университеттер өздөрү тандашы керек", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан