Министрлик: "12 жылдык билим берүүгө өтүү мугалимдердин маянасына таасир тийгизбейт"

Өлкөдө мектептер 12 жылдык билим берүү системасына өткөндө мугалимдердин маянасында эч кандай өзгөрүүлөр болбойт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында айтты.

Анын айтымына караганда, азыркы учурда мугалимдердин айлыгы 80 пайызга жогорулаган.

"Педагогдордун айлыгы 80 пайызга жогорулады. Эми мугалимдер маянаны саатына карап эмес, оклад түрүндө алышат. 12 жылдык билим берүүгө өтүү педагогдордун маянасына эч кандай таасир тийгизбейт", - деп билдирди министрдин орун басары.

Эске салсак, 12 жылдык билим берүүгө өтүү 2022-жылы эмес, бардык зарыл окуу материалдары иштелип чыккандан кийин жүзөгө ашырылат.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өлкөдөгү мектептер эми 12 жылдык билим берүүгө өтүү демилгеси көтөрүлүп жатканын, мындай кадамга баруу дүйнөлүк билим берүү системасына шайкеш келерин билдирген. Министрдин демилгеси интернет айдыңында кызуу талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан