Жасалма диплом колдонууга шектелген экинчи депутаттын өмүр баяны

УКМК Жогорку Кеңештин эки депутатынын диплому боюнча БШКга маалымат берди. Алар "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов жана "Альянс" фракциясынан депутат Фарходбек Алимжанов.
Жогорку Кеңештин сайтында депутаттын өмүр баяны жарыяланган эмес. Анын өмүр баяны жергиликтүү басылмаларда жарыяланган. Ага ылайык, Ош мамлекеттик университетин "Финансы жана кредит", президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу" адистиги боюнча бүтүргөн.
Фарходбек Алимжанов 1988-жылы 3-мартта Ош шаарында төрөлгөн.
2005-2006-жылдары "Бакай-Юг" ЖЧКсында реализатор;
2006-2008-жылдары аталган фирманын менеджери;
2008-2013-жылдары "Бакай-Юг" ЖЧКсынын директору;
2013-2017-жылдары "Ак-Кайың" жабык акционердик коомунун директору;
2016-2021-жылдары "Айбек Алимжанов" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси;
2021-жылы "Альянс" партиясынан депутат болуп шайланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан